Бишкекте көп кабаттуу имараттын терезесинен наристе кулап, каза болду.

Октябрь РИИБинен маалымдашкандай, 23-июнда “102” кызматына Улан кичи районундагы үйлөрдүн биринин 14-кабатынан адам кулаганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт Октябрь райондук милициясында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда 2023-жылы туулган Д.А. аттуу наристе 14-кабаттан кулап түшкөнү аныкталган.

Ал алган оор жаракатынан улам ооруканага жеткирилген. Бирок көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан Д.А. каза тапкан.

Учурда өлүмдүн себептерин тактоого бардык экспертизалар дайындалды.