Өлкөдө “Алтын сертификаттардын" ээлери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жалпы 54 окуучу эң алдынкы балл алды. Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгына жараша бул тизме толукталышы мүмкүн.

Алдынкы 10 мыкты жыйынтык:

1. Атай Эстебесов - Бишкектин №70 жалпы билим берүү орто мектеби – 242 балл

2. Медина Мухаммадова - Жалал-Абад шаарынын “Лайт-Академия” орто мектеби – 240 балл

3. Тагай Макешов - Бишкектин №48 жалпы билим берүү орто мектеби – 236 балл

4. Айбийке Жакшылыкова - Бишкектин №61 жалпы билим берүү орто мектеби – 235 балл

5. Арууна Нурбек кызы - Бишкектин "Айчүрөк" кыргыз-түрк кыздар окуу-тарбия комплекси – 235 балл

6. Алтынай Исмаилова - Кант шаарындагы “Билимкана” япон мектеби – 234 балл

7. Айдина Искакова - Бишкектеги №70 жалпы билим берүү орто мектеби – 234 балл

8. Семён Богуславский - Бишкектеги №61 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 234 балл

9. Санжар Садирбеков - Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад балдар лицейи, Жалал-Абад шаары – 234 балл

10. Касиет Доктурбаева - Караколдогу №11 жалпы билим берүү орто мектеби – 233 балл.

Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Ош шаарынан экиден окуучу жогорку балл алды. Нарындан төрт, Таластан үч окуучу алдынкы болду. Ал эми Бишкек шаарынан 35 окуучу жогорку жыйынтык берди.