
Бүгүн, 23-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Төрт-Күл айылында жайгашкан Чек ара кызматынын №2053 аскердик бөлүгүнүн жаңы аскер шаарчасынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлады.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында чек арачыларга кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды. Аскердик шаарча атайын багыттагы "Бөрү" отрядына таандык болуп, заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалды.
Жаңы аскердик шаарчанын курамына төмөнкүлөр кирет:
- казарма (жоокерлердин жатаканасы) жана штабдык имараттар;
- медициналык бөлүм;
- автотранспорттук база жана май куюу жайы;
- мини-футбол талаасы бар спорт комплекси;
- кампалар жана толук коммуналдык түзүмдөр (казанканалар, суу алуу жайлары, канализация станциясы, электр системасы, тышкы инженердик тармактар).
Шаарчанын өзгөчөлүгү - улуттук элементтердин интеграцияланышы. Бул жерде улуттук күрөш аренаcы жана улуттук стили менен жабдылган эс алуу жайлары жайгашкан. Мындан тышкары, чек арадагы куралдуу жаңжалдарда курман болгон аскерлердин урматына арналган мемориалдык комплекс да курулган.
"Чек арачылардын кызмат орду мамлекет үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алардын кызматтык жана жашоо шарттарын жакшыртуу - өлкө башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө. Биз сиздерге ишенебиз жана мамлекеттин чек арасын коргоо боюнча милдеттериңиздерди ар-намыс менен аткаарасыздар деп ишенебиз", - деди Ташиев өз сөзүндө.
Кызматкерлер үчүн 60 батирден турган жаңы көп кабаттуу үй да пайдаланууга берилди. Ташиев батирлердин ачкычтарын жеке өзү тапшырып, чек арачылардын социалдык маселелерин чечүү - негизги артыкчылык экенин белгиледи.
Жаңы үйдө бардык шарттар түзүлдү. Балдар үчүн заманбап оюн аянтчасы орнотулуп, үй-бүлөлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жашоо камсыздалган.
Ошондой эле аскерлер үчүн жаңы мончо комплекси, жайкы ашкана жана окуу класстары курулуп, катаал тоо шарттарында кызмат өтөп жаткан аскерлердин гигиеналык, билим берүү жана эс алуу муктаждыктары эске алынды.
Бул инфраструктуралык иштердин баары мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды.