Ташкент – Тамчы ("Ысык-Көл" эл аралык аэропорту) багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамы аткарыла баштады. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан лоукостери болгон - Fly Kiva авиакомпаниясы аталган багыт боюнча алгачкы жүргүнчү каттамын ишке ашырды.

Каттамдар 22-июндан тарта аткарыла баштады жана 10-августка чейин жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.

"Мындай каттамдардын ачылышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү авиакаттамдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, билеттерди авиакассалардан сатып алууга болот.