Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын натыйжасында Жети-Өгүз районунун Жеңиш айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар аныкталды.
2008-жылы Жеңиш айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары 5 гектар жерди Жети-Өгүз районунун жашоочусунун жеке менчигине, менчик ээси бул жер тилкеге бакча отургузган деген шылтоо менен өткөрүп беришкени аныкталган.
Бирок, жеке менчикке өткөн учурда жана бүгүнкү күнгө чейин бул участокто аны өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча эч кандай иш жүргүзүлгөн эмес.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин менчик ээси мыйзамсыз экенин түшүнүп, 5 гектар жерди Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди.
Учурда КР УКМК тарабынан бул окуяга Жети-Өгүз районунан жооптуу адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.
- Категория: Коом
- Просмотров: 314