Кум-шагыл аралашмасын чыгарган ондон ашык карьерлер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
УКМК тарабынан лицензиялык шарттардын талаптарын бузуу жолу менен жана казуунун көлөмү жөнүндө мамлекеттик органдарга жалган маалыматтарды берүү жолу менен пайдалуу заттарды казып алууда, республикалык бюджетке зыян алып келген одоно мыйзам бузуулар аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар карьерлердин иши жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзамдарды бузуулар менен коштолгон.
Атап айтканда:
- көзөмөл органдарына белгиленген тартипте отчеттор берилген эмес;
- пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө так маалыматтар болгон эмес;
- жаратылыш объекттеринин жана реликттик аймактардын бузулушуна алып келүүчү чек аранын бекитилген участокторунун чегинен өз эркинче чыгып кетүү учурлары катталган;
- казып алуунун реалдуу көлөмүн жашыруу жана салыктарды төлөөдөн качуу максатында салык органдарына берилген отчеттук маалыматтар бурмаланган.