Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2025

Киберчабуулдар социалдык, экономикалык туруктуулукту бузуп, тышкы басымдын куралы болуп, мамлекеттик институттарга болгон ишенимди азайтуунун куралына айланып баратат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө өтүп жаткан ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча эл аралык биринчи конференциясынын катышуучуларына кайрылуусунда айтылган.

Кайрылуудагы маанилүү учурлар:

кибермейкиндик чыр-чатактардын аянтына айланды: киберчабуулдар барган сайын татаал жана системалуу болуп баратат;

кооптуулуктарга жөн эле жооп бербестен, алдын ала иштеп, санарип коопсуздукту камсыз кылуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу зарыл;

кибермейкиндикти коргоодогу жалгыздап жасалган аракеттер жетишсиз. Эл аралык деңгээлде маалымат алмашуусуз, технология жана аналитикасы жок бир дагы мамлекет жогорку деңгээлде уюшулган кылмышкерлердин тобуна толук каршы тура албайт;

бүгүнкү конференция санарип дүйнөнүн тездик менен өнүгүп жаткан шартында өз ара кызматташууну чыңдоонун жаңы этабын көрсөтүп бермекчи:

кибер коопсуздук ар бир мамлекеттин ички маселеси болбой калды. Кыргызстан ЖККУнын алкагында өнөктөштүк байланышты бекемдөөгө олуттуу карап, терең маани берет. Бир мамлекетке келтирилген кооптуулук — бардык өлкөлөрдүн маселеси.

Булак: Спутник