Социалдык тармактарда Бишкектин Маевка айылындагы мектепте 1-класстын окуучу баласын 5-8-9-класстын балдары зордуктаган делген маалымат тарап жатат.
Бишкек шаардык милициясы факты Биринчи май РИИБ тарабынан каттоого алынганын билдирип, ал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголгонун белгиледи. Шектүү катары 16 жаш өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ар тараптуу тергөө иштери жүрүүдө. Шаардык милиция иш жетекчиликтин жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.