11-июнга караган түнү Чым-Там жайлоосунда 300дөн ашуун кой-эчки өлгөнүн Turmush басылмасы жазды.

Жергиликтүү чабан малдын моюн жагында төрт тиштин изи калганын айтып, илбирс кол салганын божомолдоодо.

Жырткыч эки койду жеп, 15ин тамактаган. Калгандары бири-бирин тебелеп өлгөнү айтылат. Кырылган мал атайын казылган чуңкурга санитардык талаптарга ылайык көмүлдү.