Өлкө аймагында бир сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда ӨКМден билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду.

"Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 2, Чүйдө– 5, Жалал-Абад аймагында – 2, Баткен облусунда – 1 учур катталды", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.