Таласта массалык уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, 14-июнунда Талас облусунда массалык уулануу болуп, жалпысынан 9 адам жабыркаган. Алардын ичинен 4 бала 14 жашка чейинки курактагылар.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө, жабыркагандардын бардыгы Талас шаарындагы “Казан Шаверма” тез тамактануу жайынан алынган шаурманы жешкени аныкталды. Жабыркагандар өздөрүн жаман сезип, болжол менен түнкү саат 23:00 чамасында медициналык мекемеге кайрылышкан. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, алардын бардыгы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Оорулуулардын клиникалык материалдары лабораториялык изилдөө үчүн алынган. Тез тамактануучу жайда колдонулган азыктардан, кошулмалардан, чийки заттардан лабораториялык анализ үчүн үлгүлөр алынган.

Объекттин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Эпидемиологиялык иликтөө уланууда. Жеринде Оорулардын алдын алуу борборунун жана санитардык көзөмөл кызматынын адистери, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү иш алып барууда.

Булак: koom.press