Бишкекте "Притон" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда шаардык милициядан билдиришти.
Ага ылайык, көңүл ачуу жайлар, батирлер, мончолор, боди массаж (укалоо кызматын көрсөткөн) салондору текшерүүгө алынып, алардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу көзөмөлдөндү. Жарандардын коопсуздугуна жана коомдук тартипке коркунуч жараткан бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Жыйынтыгында 160ка жакын кыз аныкталып, алардын ичинен 7 кыз боди массаж салонунда иштеп жүргөнү белгилүү болду. Ар кандай укук бузуулар боюнча 50 кызга административдик протоколдор түзүлүп, интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын айрымдары 3 суткага камакка алынып, жалпысынан 300 000 сом айып пул салынды. 60ка жакын мончолордун жана мейманканалардын ээлери тергөө кызматтарына жеткирилип, ишмердүүлүк жүргүзүү тууралуу жазуу түрүндөгү милдеттенмелерин беришти.
Белгилей кетчү жагдай, бул алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө ар кандай кылмыш фактыларынын дагы бети ачылды.