Бишкекте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жоокери өз жанын кыйды. Бул тууралуу бүгүн, аталган мекемеден билдиришти. 

Анда айтылгандай, окуя 7-июнь күнү болгон. Анда 19 жаштагы Б.А. аттуу жоокер соттолгон кишини жеке клиникага коштоп бара жатып, ок атуучу куралды колдонуу менен өз өмүрүнө кол салган.

Факт боюнча Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.