Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти дары-дармектерди ыңгайлуу издөө жана верификациялоо үчүн түзүлгөн “Дары-Дармек” мобилдик тиркемесин сунуштады.

“Дары-дармек” тиркемеси төмөнкү функцияларды сунуштайт:

  • Маанилүү дары-дармектердин бааларын реалдуу убакыт режиминде көрүү жана аймактар боюнча салыштыруу;
  • Дарыларды соода жана эл аралык аталыштары боюнча издөө, жакынкы дарыканаларда алардын бар-жогун текшерүү жана дарыканадагы запастар тууралуу маалымат алуу;
  • ФОМСтун алкагында компенсациялануучу дарылардын тизмеси жана жеңилдик программалары тууралуу маалымат;
  • Баалардын негизсиз жогорулашы боюнча арыздануу жолдорун билүү.