КР УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында, кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айыл аймагынын Ысык-Көл айылындагы "Урочище Сухой-Хребет" пляж аймагындагы жалпы аянты 57 га жайыт жерлери кайтарылды.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер участокторун, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.