КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Бишкек шаарынын Кулатов көчөсү 1 дарегинде жайгашкан мурдагы «Майкампа – Бишкек өндүрүш-сатуу маслосырбаза» ААКсынын (азыркы «Майкампа» ЖЧКсы) менчигиндеги мурдагы мамлекеттик мүлктү (менчиктештирүү) мыйзамсыз алып коюу фактысы аныкталды.
Такталгандай, 1991-жылдан 2000-жылга чейин мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана приватташтыруу активдүү жүргүзүлүп жаткан мезгилде, мамлекеттик мүлктү башкаруу органына караштуу «Майкампа – Бишкек өндүрүш-сатуу маслосырбаза» ААКсынын үлүшү ошол кездеги мыйзамдарды бузуу менен жеке жактар тарабынан арзандатылган баада сатылып кеткен. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган ишкананын уюштуруучулары ал ишкананын бир бөлүгүнө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүшүп, «Майкампа» ЖЧКсынын 49% үлүшүн мамлекетке өткөрүп берүүнү ыктыярдуу түрдө билдиришкен.
Белгилей кетсек, учурда бул компаниянын уюштуруучулары ыктыярдуу түрдө аталган компаниянын 49% акциясын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүштү.
Учурда тергөө иштери уланууда.