Кыргызстанда бир жума ичинде 348 мас айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 26-майдан 1-июнга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 280 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 817;
  • Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 348;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 145;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 350;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 024;
  • Авто ээнбаштык - 45;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 504;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 8;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 582;

Ал эми, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 457 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.