Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында бүгүн, 28-майда турак үйдөн өрт чыкты.

Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдииршкендей, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 08:43тө тилсиз жоо толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 300 чарчы метри жана короодо токтоп турган 2 жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен кошуна жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калуу чарасы көрүлдү.

Жабыркагандар жок, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.