Кечээ, 20-майда Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Будёнов айылында сарайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалыматында айтылат.
Анда айтылгандай, анын кесепетинен 3 жаштагы Б.Р. аттуу жаш бала жабыркаган, учурда анын абалы туруктуу. Ошондой эле 1000 түп чөп, 1 жылкы, бир нече бука тирүүлөй күйүп кетти.
Өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзүп, учурда материалдык чыгымдар жана өрттүн себептери такталууда.