Боом капчыгайы беш күн жарым-жартылай жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Анда белгиленгендей, 19-майдан 23-майга чейин Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, жол тазалангандан кийин унаалар бир тилке менен өткөрүлүп турат. Көзөмөлдү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзөт.

Ишкана жарандарды бул багыт боюнча сапарды алдын ала пландап алууга чакырат.