Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин убактылуу кармоочу жайында отурган каза болду. Анын өзүнө кол салганын бүгүн, 16-майда райондук милициядан тастыкташты.
Анда белгиленгендей, окуя ушул жылдын 15-майында саат 19:30 чамасында орун алган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 34 жаштагы киши кийимин колдонуу менен асынып алган.
Ал жарандын буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылды. Ал эми жылдын апрель айында Ленин райондук соту анын сотко келбей койгонуна байланыштуу бөгөт чарасын камакка алууга өзгөрткөн.
Ал “Уурулук” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, нөөмөт бөлүмүнө жеткирилген.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сырткы кароодо денесинен эч кандай жаракаттар табылган эмес.