Быйыл Баткен облусунда 13 ири өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошентип, жыл соңуна чейин пайдаланууга берүү мерчемделген өндүрүш ишканалары төмөнкүлөр:

  • Кадамжай районундагы "Кожо-Кайыр-1" 300 кВт кичи ГЭСи;
  • Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан "Халмион Пром" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан автогазоблок заводу;
  • Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жаткан Кыргыз-Түрк биргелешкен мунайды кайра иштетүүчү заводу;
  • Айдаркен шаарындагы таш майдалоочу жана бетон аралаштыруучу завод;
  • Лейлек районунун Катраң айылындагы соода-логистикалык борбор;
  • Лейлек районундагы "Сүлүктү талаа-11" көмүр кени;
  • Сүлүктү шаарындагы "Адахан" көмүр кени;
  • Сүлүктү шаарындагы "Мурас" көмүр кени;
  • Баткен районунун Самаркандек айылындагы логистикалык борбор;
  • Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы пластикалык калдыктарды кайра иштетүүчү завод;
  • Баткен районунун Самаркандек айылындагы жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү цех;
  • Кызыл-Кыя шаарындагы шифер комбинатынын курулушу;
  • Баткен шаарынын өнөр-жай зонасында жайгашкан асфальт-бетон заводу.