12-май күнү улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Намазов Шаимбек Намазович 97 жашында көз жумду.
Ш.Намазов 1929-жылы 12-апрелде Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында туулган.
Мамлекеттик коопсуздук органдарындагы карьерасын 1949-жылдан тарта баштап, ал жерде 1975-жылга чейин кызмат өтөгөн.
Отставкадагы майор Шаимбек Намазов СССРдин Улуттук коопсуздук комитетинин жогорку курстарын аяктаган.
Андан кийин Кыргыз ССР Улуттук коопсуздук комитетинде ар кандай оперативдүү жана жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
