8-9-май күндөрү өтүүчү майрамдык иш-чараларга байланыштуу Бишкекте шаардын борборундагы бир нече көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Төмөнкү көчөлөрдө убактылуу жол кыймылы токтотулат:

Ибраимов көчөсү (Жибек Жолу көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин);

Шопоков көчөсү (Жибек Жолу көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин);

Чүй проспектиси (Курманжан Датка көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин).

Бишкек шаарынын мэриясы, «Жеңиш 9/45» патриоттук кыймылы жана «Евразия» АНО уюму жалпы шаар тургундарын жана анын конокторун майрамдык иш-чараларга активдүү катышууга чакырат.