Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу 8-9-май күндөрү Бишкектин кайсы көчөлөрү жабыларын эскертти.

Мекеменин маалыматына ылайык, төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:

- Ибраимов көчөсү Жибек-Жолунан Чүй проспектисине чейин;

- Шопоков көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин;

- Чүй проспектиси Курманжан Даткадан Турусбековго чейин.