Балыкчыда 10 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. 

УКМК Балыкчы шаарынын аймагында канаттуулар фабрикалары жана чарбалык курулуштар жайгашкан 10 га жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.

Мындан улам, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси имараттар менен бирге мамлекеттик баланска кайтарылды.

Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.