«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы капиталдык курулуш планын ишке ашыруу алкагында 102 483 400 сом суммасына 54 даана техника сатып алды.

Алынган техниканын тизмеси:

• Бригадалык унаасы ОВБ JAC T-8 пикап базасында – 13 даана;
• Бригадалык унаасы ОРП ISUZU базасында – 6 даана;
• Кызматтык унаа CHEVROLET COBALT – 34 даана;
• Кызматтык унаа CHEVROLET TRACKER – 1 даана.

Сатып алынган атайын техника электр тармактарынын региондук ишканаларына туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыздоого, ыкчам реакция кылууга жана кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган.

Булак: 7 канал