⁃ Соцтармакка аты чоң интрига жараткан “Президенттин сүйгөнү” аттуу көркөм тасма тартылып баштаганын билдирдиңиз. Бул фильм тууралуу айтып берсеңиз?
⁃ Ооба, көп мезгилден бери даярданып, 14-апрелде Нью-Йорк шаарынан “Байлык жана сүйүү же президенттин сүйгөнү” аттуу көркөм тасма тартууга кириштик. Андан кийин Алматыда тарттык. Азыр Стамбулда, Москвада, Дубайда тартылып жатат, андан кийин Бишкекте, Ташкентте тартабыз деп турабыз.
Ага Түркиянын, Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Кыргызстандын кино жана шоу жылдыздары катышууда.
- Кызыктырган бир суроо бар да – бул тасманын прототиби кайсы өлкөнүн президенти?
⁃ Бул документалдуу эмес, көркөм чыгарма. Ошондуктан биз анда азыркы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан биргелешкен Туран Республикасын чагылдырдык.
⁃ Азыркы учурдун окуялары камтылабы?
⁃ Мезгилине келсек, тагыраагы 2020-жылга чейинки окуялар баяндалат.
⁃ Фильмдин сценаристи жана продюсери сиз Кыргызстандын өкүлүсүз. Тасманын чыгармачыл тобу да ар кайсы өлкөнүн өкулдөрү болсо керек?
⁃ Ооба, сценарист жана продюсер Кыргызстандан, сопродюсер Түркиядан, режиссёр Казакстандан, оператор Өзбекстандан, башкы каармандар Казакстандан, Өзбекстандан, Кыргызстандан. Ошондой эле Түркия, Россиядан белгилүү кино жылдыздар кошулат.
⁃ Эмитеден эле тасма көрүүчүлөргө табышмак болуп, чоң кызыгуу жаратып жаткандай, качан эл алдына алып чыгалы деп атасыздар?
⁃ Буйруса, май айынын аягында Америкада тушоосу кесилип, Орто Азия өлкөлөрүнө июнь айында коюлат деп пландап жатабыз.
⁃ Саясий маселеден улам коомчулукка кеңири тартуулоого тоскоолдук жаралбас бекен?
⁃ 2012-жылы “Президент жана бомж”, 2013-жылы “Президент жана бомж-2”, 2018-жылы “Президент жана бомж-3” саясий фильмдерин чыгарганбыз. Ошол тасмалар сыяктуу эле бул тасмада коомчулукка көрсөтүүгө тыюу салууга негиз берген мыйзамдарга, нраваларга каршы келген сценалар жок. Анын үстүнө эл аралык интернет жана телеканалдар менен да кызматташып атабыз. Алар кайсы бир өлкөнүн мамлекеттик уруксатын талап кылбайт.
- Сиздин чыгармачылыгыңызга таандык “Манастын уулу Семетей” тасмасы тууралуу да сурай кетейин, ал качан чыгат жана эл аралык “Манас” кино долбоору кандай стадияда?
⁃ “Манастын уулу Семетей” эл аралык кино дистрибутерлердин өнөктөштүгү менен бир катар өлкөлөрдө көрсөтүүгө даярдалууда. Ал эми “Манас” фильминин сценарийи эл аралык кино компаниялар менен биргеликте даярдалган. Мындай чоң долбоор көп убакытты талап кылат экен. Ага чейин башка жеңилирээр долбоорлорго кириштик.
