Социалдык тармактарда Бишкекте өзүнө бензин чачып, өрт койгон жарандын видеосу тараган. Маалыматтарга караганда, видео кечээ, 16-апрелде саат 17:25 чамасында тартылган.

Окуя боюнча Свердлов РИИБден маалымат беришти. Аталган факты каттоого алынып, жерине милиция кызматкерлери барышкан.

Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерге барганда 1996-жылы туулган жаран мас абалында үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам ушундай жол менен өз жанын кыюуга аракет кылгандыгын аныкташкан.

«Окуя болгон жерге тез жардам чакырылып, жабырлануучу ооруканага жаткырылды»,- деп айтылат маалыматта. 

Булак: 7 канал