Бишкектеги №31 мектепте 7-класстын окуучусу көз жумганын Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Сабак учурунда 7-класстын эки окуучусунун ортосунда чыр чыгып, 14 жаштагы бала 15 жаштагы кызды чаап жиберген. Натыйжада кыз эсин жоготкон.

«Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, дарыгерлер келгенде кыздын өлүмүн катташкан», — деп жазылат маалыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык жагдайлар аныкталып, ар тараптуу юридикалык баа берилери кошумчаланды.

Булак: 7 канал