Санариптик өнүгүү жана инновациялык тахнологиялар министрлиги жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат.

Ведомстводон маалымдашкандай, акыркы учурда өздөрүн мамлекеттик органдын кызматкери катары тааныштырып, жарандардан жеке маалыматтарды сураган учурлар көбөйдү.

Эсиңизде болсун:

  • мамлекеттик органдар өздөрү биринчи болуп чалбайт;
  • жеке маалыматты (СМС, мессенджер аркылуу) сурабайт!

Эмне кылуу керек?

  • логин, сырсөз, карта номери сыяктуу маалыматтарды эч качан айтпаңыз;
  • шектүү чалуулар болсо — дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз, сак болуңуз!