«Манас» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоп-түзөө иштери башталды.

Буга байланыштуу ар бир дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн таңкы саат 03:00гө чейин каттамдар токтотулат.

«Бардык авиакомпанияларга пландалып жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат берилди. Жүргүнчүлөрдөн учуу графигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алуусун суранабыз», — деп айтылат маалыматта.