Ош шаарында унаа тыгынын азайтуу аракети көрүлүүдө. Ушул максатта Р.Абдыкадыров көчөсү Амир-Тимур көчөсүнө чейин узартылат.

Мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Р.Абдыкадыров көчөсүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартуу долбоору менен таанышып, жеринде тийиштүү жумуштарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди.

Аталган иштер Ош шаарынын башкы планына жана деталдык пландоо долбооруна ылайык жүргүзүлүүдө.