Кыргызстанда ажырашып, бирок балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 60 миңге чамалайт. Алардын ичинен 1400дөн ашуун кишиге алимент төлөбөгөндүгү үчүн издөө жарыяланган. Бул тууралуу Сот департаментинин адиси Азамат Курманбеков “Азаттыктын” “Эже-сиңдилер” көрсөтүүсүндө билдирди. Анын айтымында, алименттен карызы 300-400 миң сомго чыгып кеткендери дагы бар.

Сот департаментинин маалыматы боюнча, 59 миңден ашык иш ачык турат.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.

Жогорку Кеңеш соңку учурда алимент төлөбөгөндөрдүн жоопкерчилигин кароону сунуштап келет. Былтыр парламентте алименттен качкандарга жазаны катаалдатуу мыйзамын комитет колдогон.

Булак: Азаттык