Нарын облусунун Ат-Башы районунда бүгүн ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын жана Терек-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырын шамал учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде Жарандык коргоонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну, токтоосуз «112» кызматына билдирүүнү эскертти.