Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иштер Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылат жана облустун инфраструктурасын жакшыртууга, энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана ишкананын кызматкерлерине эмгек шарттарын түзүүгө багытталган. Анын ичинде:

  1. Нарын РЭТнин административдик имаратынын курулушу;
  2. Ат-Башы РЭТнин административдик имаратынын курулушу;
  3. Жумгал РЭТнин административдик имаратынын курулушу;
  4. Кочкор районунда темир-бетон мамычаларын өндүрүүчү цехтин курулушу;
  5. Кочкор РЭТинде ремонттук цехтин курулушу;
  6. 35/10 кВ “Талды-Суу” КЧнун куруу;
  7. 110/35/10 кВ “Кур-Терек” КЧнунун куруу иштери;
  8. Тогуз-Торо РЭТне 674 м2 түзгөн сактоо жайлары жана бокс аянтчаларын куруу каралган.

Бул долбоорлор Нарын облусунун калкына электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыздоого багытталган.