Араван райондук автобекети мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аталган объект Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жана жалпы аянты 0,33 гектарды түзөт.

Тактап айтканда, 2000-жылдары автобекеттин аймагы 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган, алар КР "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамын бузуу менен жер-жерлерде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен объектини министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.