Чек ара жөнүндө келишимдин жоболоруна ылайык, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңеште билдиргендей, Тажикстандын Ворух анклавынын аянты 15,5 миң гектарды түзөт.
Ташиевдин айтымында, ал узундугу 3425 метр жана туурасы 40 метр болгон Дача— Капчыгай—Кожаи-Аало—Ворух нейтралдуу унаа жолу аркылуу Тажикстандын негизги аймагы менен байланышат.
КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев түшүндүргөндөй, келишимге ылайык, Дача—Капчыгай—Кожаи-Аало—Ворух жана Миң-Өрүк—Самаркандек жолдору кыргыз тарап да, тажик тарап үчүн да нейтралдуу катары — статус-кво боюнча колдонулат.
Кулубаев Ворухка нейтралдуу жол Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөөрүн ырастады.
«Ворух анклав бойдон калууда», - деди ал.
Булак: Баракелде