Кыргызстан дүйнөлүк геосаясаттын чордонундабыз, ошондуктан эки өлкөнүн президенттеринин алдыдагы жолугушуусу жемиштүү болот деген чоң үмүттөмүн. Мындай пикирин мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев билдирди.

Ал өз сөзүндө, азыркы жүргүзүлүп жаткан иштерди, чечимдерди колдоорун айтып, убагында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган кезинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолуккан учурлары болгонун кошумчалады.

“Акыры ушундай кубанычтуу күнгө жеттик, эки кошуна өлкө илгерки тарыхый мамилелерибизди кайра калыбына келтирээрибизге терең ишенем. Бирок, качан да болсо дайыма чек араны көздүн карегиндей сактап, ага байланыштуу маселелерди талдап, карап, өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздап турушубуз керек”,- деди Абдыганы Эркебаев.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы алаканын бекемделиши бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө тынчтык алып келээрин белгиледи.

Булак: Кабар