Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат.

Максаты — ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт. Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.