Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек - Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 07:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №9 ЖТИнин сунушу боюнча кабыл алынды.

Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет кызматы 26-28-февраль күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.