Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. 

Анын айтымында, өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 260 адам эвакуацияланды. Тилекке каршы, 2 адам каза болду. 

"Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм, 2 автошаты, Бишкек шаардык "Куткаруу кызматынын" куткаруучулар, ыкчам тобу тартылды. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, 23:15те толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн себептери такталууда", - деп жазды ӨКМ жетекчиси.