Өзүнүн cөзүндө генерал-полковник Камчыбек Ташиев “эрежесиз эр урушту” Кыргызстанда токтотуу сунушун киргизди: “Дагы бир маселеге өз оюмду кеңеш иретинде айткым келет - коомдо “эрежесиз эр уруш” деген спорттун бир түрү бар. Көптөгөн жаштарыбыз “эрежесин эр уруш - спорттун түрү турбайбы”- деп машыгышып, “мөөрөй алсам атактуу-даңктуу болот экем”- деген туура эмес жолго түшүп алышты. Эрежесиз эр уруштарды биз өткөрүүнү токтотушубуз керек, анын бизге кереги жок. Ал урушка катышкан биздин жаш балдар жаштыктын деми менен жүрүп, 40 жаштан өткөндөн кийин майып болуп калышууда. Андыктан, эрежесиз эр уруш дегенди токтотушубуз зарыл. Бул спорттун түрүнө деле кирбейт, мушташтын эле бири. Күчүңөр болсо күрөш, бокс, дзюдо, футбол ж.б. менен машыгып, олимпиадага катышып, мамлекетибиздин туусун көтөргүлө. Элибиздин атак-даңкын чыгаргыла, биз кам көрөбүз, жардам беребиз”.
“Эрежесиз эр уруш жаш балдарыбызга гана эмес, келечек муунга, коомго зыянын тийгизип жатат. Биз мушташсак, урсак ийгиликти багындырабыз деген тескери тарбия берилүүдө. Демек, эрежесиз эр уруш дегенди токтотуп, кийинки муунга үлгү кылып көрсөтпөшүбүз шарт.
"Башка мамлекеттер жасап жатпайбы" дегендер чыгышы мүмкүн, аларга айтарым, бөлөк өлкөлөрдүн өз иши, жасай беришсин. Бири экинчисинин башы-көзүн жаргысы келеби, жара беришсин. Биз өзүбүзгө, келечек муунга жооп берелик. Динде дагы бул туура эмес. Коомубузду оңдойлу десек, илимдүү-билимдүү жаштарды тарбиялап, ушул жаман илдеттен арылышыбыз шарт”,- деди Камчыбек Ташиев.