ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 5-декабда болжол менен саат 8:00 чамасында Бишкек шаарынан “Фольксваген пассат” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар ээлеп, белгисиз тарапка качып кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында “Тосмо” иш мерчеми киргизилип, Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүп, “Бишкек Чалдабар” унаа жолунан кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган С.И.Т., 2007-жылы туулган Т.Ш.Б., 2008-жылы туулган С.К.И. жана 2006-жылы туулган К.И.Н. аттуу жарандар шектүү катары кармалышты.
Азыркы учурда шектүүлөр Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына жеткирилди.