Эртең, 23-сентябрда, Кыргыз тили күнү жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара саат 10:00дө башталып, ага президенттин администрациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, окуу жайлардын профессорлору, коомдук ишмерлер катышары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептердин көргөзмөсү уюштурулуп, иш-чараны "Ырдайлы кыргыз ырларын" концерттик программасы жыйынтыктамакчы.

Спутник