Бул тууралуу "Азаттыкка" мекеменин басма сөз катчысы Махтум Искендеров билдирди.
“Павел Дуров Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбейт. Ага жарандык берүү маселеси Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинде каралган жок”, -
деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 10-сентябрдагы жыйынында “коомдо Павел Дуров Кыргызстандын жарандыгын алганы айтылып жатканын” билдирген.
Булак: "Азаттык"