Билим берүү министрлиги да бул сунушту башынан эле колдбогонун айткан.
Анткен менен Кайгуул милициясы жана мэрия жаңы график кандай жыйынтык бергенин тизмектеди:
▪️ Мектеп окуучуларынын кеминде 40% (болжол менен 80 миң окуучу) мектепке 6:30дан 7:00гө чейин чыгат. Калган 60%ы 7:00дөн 7:30га чейин. Бул эртең менен автоунаалардын бир убакта эмес, бөлүнүп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү
▪️ Студенттердин окуусу 10:00дө башталгандан бери эртең менен коомдук транспорттун жүгү да азая түштү. Анткени студенттердин көбү 9:00дө чыгат. Азыр студенттердин 30%нын автоунаасы бар. Ошондо эртең менен тыгын 30%га азайды деп божомолдосо болот
▪️ Экинчи сменада окуган студенттердин сабагы кеч бүтөт деген нааразычылыкка Кайгуул милициясы коомдук транспорт саат 24:00гө чейин жүрөт деп жооп берди
Булак: Sputnik-Kyrgyzstan