- Болот мырза, мына соцтармакта «Көчмөндөр оюнунун автору, демилгечиси ким?”- деген талкуу күч алып, Адахан Мадумаров, Аскат Акибаев, Максат Чекиевдин ысымдары аталууда. Өлкө да өз өлкөсүнүн каармандарын билгиси келет . Көчмөндөр оюнуна Болот Дыйканбаевдин кандай тийешеси бар?

- Туура, “Атын атаса, куту сүйүнөт”- деген кыргыздын жакшы акылман кеби бар. Мамлекет үчүн моралдык баасы жогору турган “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун” жаралыш тарыхы коом алдында такталып айтылып калыш керек. Сиз жакшы маселе көтөрүптүрсүз. Сизге рахмат!   

Эс тарткандан бери эл үчүн талыкпай, мээнет кылып, кыргыз үчүн көп иштерди, идеяларды жасап келе жатам. 2007-жылы 52 боз үй тиктирип, кыргыз улуттук оюндарын өркүндөтүү, кыргыз элибиздин руханий дүйнөсүн, көөдөнүн, көкүрөгүн толтуруп, аң сезимин ойготуп, кыргыздарды мекенди сүйүүгө чакыруу максатында “ Көчмөндөр оюну”- деп жарыя кылып, Өзгөндө чоң иш-чара өткөргөнбүз. Сырттан коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстандан, Казакстандан, Кытайдан, Франциядан, Россиядан коноктор, туристтер келишкен. Мен ошондо 26 жашта болчумун. Кылкылдап 30—40 миңдей киши катышкан. Байгеге 15 миң доллар, 5 автомашина коюлган. 12 миң нан жасалып, 1 тонна 200 кг аш демделген. Жалпы чыгым 170 миң АКШ доллары болгон. Бул иш-чарага бийлик тараптан А.Мадумаров келип катышып, аябай таң калган. “Тапкан байлыгыңдын 70-80 пайызын элге жумшасаң, тапканың ак болот" - деген биздин мусулмандардын сөзү бар. Ушул жерден бир нерсе айтып кетишим керек. Бул иш-чарага 3 күн калганда бийлик тарабынан кысым болгон. Өткөрбөш аракеттери болду. "Бул иш-чаранын артында бир партия турат"- деген ишенбөөчүлүк болгон. Мен көгөрүп жатып өткөрдүм десем болот. Ошондо Адахан Мадумаровго көчөмөндөр оюнун кенен түшүндүрүп бергем. Ал киши тарыхчы эмеспи, аябай кубаттаган. 2013- жылы ММКга улуттук оюндар, каада- салттар, кыргыз бийлери, тарых, саяпкерлик боюнча кеңири маектерди бергем. М.Чекиев менен жолугуп калдым, туризимди өнүктүрүү боюнча көп идеяларды айтып, анын ичинде Көчөмөндөр оюнун айтсам аябай жактырды. “Ушулардын баарын кагаз жүзүндө жазып берсеңиз, мен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге сунуштайм”- деп мага чачы узун кишини кошуп берди. Экөөбүз “Береке” магазининин үстүндө бир үйдө жаза баштадык. Кайрылуу катты жазып бергенден кийин көп өтпөй, М.Чекиев сүйүнүп, “Жоомарт Оторбаев идеяны толук колдоду”- деп чалды. Анан иш баштадык. Күндө кезигип ,талкуулап жазып берип жаттым. Анан Адахан Мадумаров Түрк кеңеши боюнча кызмат кылып жаткан кези болчу. Бул идеяны ал жактан колдоп берди. Анан 2014-жылы идея ишке ашып , “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” өткөрүлдү. 26 өлкө катышкан. 

Бул иш чарага аз күн калганда мени менен тыгыз иштешкендер чалбай калышты, иш-чарага мени чакырышкан жок. Ал тургай идеянын автору катары бир жерге да кыпчып кеткен жок. Бирок кийин өкмөт башчы Ж.Оторбаев ыраазычылык катын берип жиберди. Менде баары кагаз жүзүндө, тасма түрүндө турат. Эли-журтум ыймандуу болсо, мамлекетибизге кут-береке келсе, элибиз токчулукта, ынтымакта жашаса, күчтүү мамлекет болсок, гүлдөп-өссөк деген ниетте ушул ишти кылган элем. Мен үчүн кыргыздын улуттук кадыр-баркы күнүмдүк саясаттан жогору турат. Кыргыз эли, Кыргызстан үчүн күрөшүү керек, ар бир улут өз улуттун сыйлап, барктаса, ошондо мамлекет күчтүү болот. Тарыхты согушту жеңген эл гана жазып келген. Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. Мен идеянын ишке ашып жатканына кубанам. А.Мадумаровго, Ж.Оторбаевге, А.Атамбаевге, М.Чекиевге да ыраазычылык. Анан сизге да ыраазычылык.

Маектешкен Элнура Кулуева