КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коомдук башталыштагы бардык жардамчы, кеңешчилерин иштен бошотту.
Мындай чечим Президенттик администрацияны реформалоо жана башкаруу системасын жакшыртуунун алкагында кабыл алынган.
Эске салсак, 5-сентябрда президент Садыр Жапаров да коомдук башталыштагы жардамчылары менен кеңешчилерин бошоткон.