Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-сентябрда Казакстан Республикасынын Астана шаарына Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Кезектеги Оюндар Казакстандын борборунда 9-12-сентябрь аралыгында өтөт. Иш-чарага 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден ашык спортчулар катышат", - деп Муратбек Азымбакиев белгиледи.